Бишкектин жаңы шайланган мэри Айбек Жунушалиев саясатта достук бар деп эсептейт.
Мэр катары өзүнүн алгачкы кайрылуусунда ал Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарына ыраазычылык билдирип, алардын ишенимин жогору баалаарын айтты. Жунушалиев депутаттар менен шаар тургундарынын үмүтүн актоо үчүн болгон аракетин жумшай турганын кошумчалады.
"Бул кандай жоопкерчиликтүү кызмат экенин жакшы түшүнөм. Көйгөйлөрдү чечүү үчүн көп эмгек жумшоо керек. Бишкек шаардык кеңешинен өзүмө досторду таап, биргеликте кызмат кылабыз деп үмүттөнөм. Балким кийин мен Алымбек Бактыбековичтин (Алымбек Бактыбеков, шаардык кеңештин депутаты — ред.) туулган күнүндө мэр болуп шайланганымды эске салчу күн келер. Мен мамлекеттик кызматта жана чоң саясатта достук болот деп ишенем. Башкача болушу мүмкүн эмес", — деди Жунушалиев.
Сөзүнүн соңунда ал жемиштүү иштөө үчүн ар бир киши чынчыл жана тартиптүү болушу керектигин кошумчалады.