Жаштар арасындагы дүйнө биринчилиги ушул күндөрү Башкыртстандын Уфа шаарында өтүп жатат. Коло байге үчүн беттештер түштөн кийин болот.
Кыргызстандык балбан кыз Сезим Жуманазарова жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынын коло байгеси үчүн таймашат. Бүгүн ал көңүл жубатуучу беттеште Шри-Ланка балбаны Нетми Ахинса Фернандо Порутотэйжди 15:4 эсебинде техникалык артыкчылык менен утту. Мелдештин жүрүшүн Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюму түз алып көрсөттү.
Сезим Жуманазарова эми чемпионаттын коло байгеси үчүн польшалык Патриция Ева Стрельчик менен таймашат.
Кыргызстандык кыз баштапкы этапта швециялык Нелли Анна Регина Флорентинди утуп, чейрек финалда италиялык Аврора Руссого жеңилген. Руссо финалга чыгып, Сезим көңүл жубатуучу беттешке чыкканга мүмкүнчүлүк алган.
Эскерте кетсек, 53 килограмм салмакта күрөшкөн Айжан Сабырбек кызы да коло байге үчүн түркиялык Эмине Чакмак менен кармашат. Айжан кечээ жарым финалдык беттеште молдовалык Михаэла Самолиге жеңишти алдырган.
Жаштар арасындагы дүйнө биринчилиги ушул күндөрү Башкыртстандын Уфа шаарында өтүп жатат. Жуманазарова 57 килограмм, Сабырбек кызы 53 килограмм салмакта ат салышууда.