Жапаровдун сүрөтү коюлган мындай маалыматты колдонуучулар мобилдик тиркемелерден байкашкан. Президенттин администрациясы буга комментарий берди.
Интернет тармагында ар бир кыргызстандыкка 18 600 сомдон төлөнөт деген маалымат тарап жатат.
Шилтеме аркылуу кирген "маалыматтан" тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун окууга болот. Текстте ушу тапта пенсионерлерге 18,6 миң сомдон берилгени жазылган. Бирок Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Социалдык фонд "Пенсионный фонд Киргизии" деп көрсөтүлгөн.
Жапаровдун сүрөтү коюлган мындай маалыматты колдонуучулар мобилдик тиркемелердеги жарнамалык блоктон байкашкан.
Президенттин администрациясы маалымат чындыкка туура келбей турганын билдирди.
Ошондой эле өлкө башчынын сайтынан Жапаров жогорудагыдай жарлыкка кол койгону тууралуу жаңылык жок экенин көрүүгө болот.