Бассейнде жыныстык катнаш менен алектенүүгө болобу?

17 августа 2021 Бассейнде жыныстык катнаш менен алектенүүгө болобу?

Бассейнде жыныстык катнаш менен алектенүүгө болобу?

Эротикалык кинолордон көргөн өтө таасирлүү, дене кумарын ойготкон көрүнүштөрдү кайталагың келет. Ошондой убактардын бири – бассейнде чөмүлүү учурундагы секс. Романтикалык учурлардын бири саналган суу ичинде жакындашууга болобу, жокпу?

Бассейнде презерватив менен кошулууга мүмкүн эмес

Көпчүлүк сууга түшкөн жерде инфекция жуктуу тобокелдиги көп болот. Мында презерватив да чечим эмес. Себеби, презервативдин майлуу катмары жуулуп кетет да, жыгымсыз абал пайда болот. Мындан улам тез жарылып кетиши мүмкүн. Сууда тез чечилип да кетет. Чынында, суунун ичинде презерватив кийүү оңой болбосо керек.

Өтө кооптуу

Кумар оту ашып-ташканда коопсуздук чарасын көрүү эстен чыгып кетет. Бассейндин түбү тайгак болорун унутпаңыз. Ашыкча кыймылдын өзү өкүнүчтүү жагдайга алып келиши мүмкүн.

Суудагы катнаш жыгымсыз

Суу денедеги бардык нерсени чайып кетери белгилүү. Суу ичиндеги жыныстык катнашта жыныс мүчөсүнөн бөлүнө турган суюктук (смазка) жууп кетип, жагымсыз сезимди пайда кылат. Канчалык кумар оту күйсө да, мындай жагымсыз абалдан кийин кимдин болбосун каалоосу сууп калат.

Бассейндин таза экенине көзүң жетеби?

Альберт университетинин окумуштуулары (Канада) көпчүлүк түшкөн бассейнде орточо эсеп менен 10 литрден көп заара болорун аныкташкан. Ооба, бул ачуу чындык. Ал эми эл арасында суу ичин даараткана кыла бергендер бар, муну жокко чыгара албайбыз. Мындан кийин сууга түшкүң да келбей калат. Ал эми сууга түшүүдөн жийиркенген жерде секс менен алектенүү тууралуу сөз болбошу керек. Зааранын курамында болгон зыяндуу заттар жыныс мүчөсүнө кирип кетиши мүмкүн.

“Бассейнде хлор бар”

Ооба, көпчүлүк сууга түшкөн бассейнде зыяндуу бактерияларды өлтүрө турган хлор жана башка атайын дарылар бар. Ал эми адамдын жыныс мүчөсүндө пайдалуу бактериялар бар. Алар коргоочу кызмат аткарата. Суудагы дарылар ушул пайдалуу бактерияларды жок кылышы мүмкүн. Мындан улам

жыныс мүчөсүндө вагиноз, молочница сыяктуу оорулар пайда болушу мүмкүн.

Коомдук жайда жыныстык катнаш менен алектенбеңиз! Ал үчүн тартип бузуу боюнча иш козголушу мүмкүн. Андан бөлөк, бул адамдык сапатка жатпайт экенин түшүнсөңүз керек.

ernur.kz