Борбор Азиядагы бир туугандар, сак бололу! Кадыров Афганистандагы абал тууралуу

16 августа 2021 Борбор Азиядагы бир туугандар, сак бололу! Кадыров Афганистандагы абал тууралуу

Россияга союздаш мамлекеттер, анын ичинде Кыргызстан Афганистандагы болгон окуядан кийин чек араларын бекемдеп, баарына даяр турушу керек. Бул тууралуу Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров Instagram баракчасынан айтты.

Кадыров түз эфирге уулу Адам Кадыровдун баракчасы аркылуу чыгып, Афганистандагы окуяны АКШнын мусулмандарга каршы кезектеги аферасы деп атады.

"Америка мусулмандарга каршы дагы бир афераны ойлоп тапты. Алар эч кайда кетпейбиз деп айтышкан, эми баарын таштап качып кетти. Элестеткиле, 10 жылдан бери ал жакта адамдар өлүп жатат. Беш жыл мурда эле 2 миллион жай тургун каза болгон. Азыр алардын саны канчага жетти? Жөнөкөй элди эле кыйнап жатышат. Бен Ладен Американын долбоору болчу, талибдер да алардын долбоору. Ошондуктан союздаш мамлекеттер чек араларын бекемдеп, баарына даяр болушу керек", — деди Кадыров.

Ал Афганистан менен чектешкен мамлекеттер коркунучта экенин белгилеген.

"Биздин өзбек, тажик, кыргыз, түркмөн бир туугандар сак болушу керек. Афганистан менен чектешкен аймактарда абал кооптуу. Урматтуу америкалыктар ошону каалап жатышат", — деди Чеченстан башчысы.

Эскерте кетсек, кечээ, 15-август күнү, "Талибан"* кыймылы акыркы болуп борбор калаа Кабулду алып, Афганистанды толугу менен өзүнө каратты. Бүт чек ара өтмөктөрүнө да көзөмөл кылууда. Уюмдун мындай аракети АКШ менен НАТОнун аскер күчтөрү чыгарылган соң күчөгөн.

*"Талибан" — Кыргызстан жана бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм

sputnik