16 августа 2021
"Талибан"* кыймылынын мүчөлөрү афган калаасын коомдук тартипке келтирип жатат. Бул тууралуу Россиянын Кабулдагы элчиси Дмитрий Жирнов билдиргенин РИА Новости жазды.
"Талибдер Кабул шаарын акырындан өздөштүрө баштады. Алар коомдук тартипти жөнгө салууда", — деди Жирнов.
Мындан сырткары, ал Россия элчилигинин имаратын кайтарган афган аскерлери кетип, алардын ордуна талибдер келгенин кошумчалаган.
Эскерте кетсек, кечээ, 15-август күнү, "Талибан"* кыймылы акыркы болуп борбор калаа Кабулду алып, Афганистанды толугу менен өзүнө каратты. Бүт чек ара өтмөктөрүнө да көзөмөл кылууда. Уюмдун мындай аракети АКШ менен НАТОнун аскер күчтөрү чыгарылган соң күчөгөн.