Кабулдагы аэропортко чогулган эл учуу тилкесине кирип келишкенде Американын аскерлери асманга ок чыгарып артка кайтарды.
Видео 1
Ал эми Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы аба майданга келгендер дүрбөлөң түшүп жатканын жазды.
Өлкөдөн аба каттамдары менен гана чыгып кетүүгө болот. Ар дайымкы каттамдар жок. Учурда аскердик-транспорттук самолеттер эле учуп жатат.
Кечээ көптөгөн афганистандык адамдар, ошондой эле бийликте отурган лидерлер дагы Өзбекстандын чек арасы тарапта топтолуп турганы кабарланган.
Эскерте кетсек, кечээ, 15-август күнү, "Талибан"* кыймылы акыркы болуп борбор калаа Кабулду алып, Афганистанды толугу менен өзүнө каратты. Бүт чек ара өтмөктөрүнө да көзөмөл кылууда. Уюмдун мындай аракети АКШ менен НАТОнун аскер күчтөрү чыгарылган соң күчөгөн.