Күйөөнүн аялын кемсинтип, сөгүп, оозуна ак ит кирип, кара ит чыккандардын мындай себептери бар:
Өз ата-энесинен көргөнү. Бала кезинде атасынын энесин сөккөнүн көрүп өссө, бала муну кадимкидей деп эсептейт. Кийин өзү үй-бүлө күткөндө атасынын жоругун кайталап, аялын сөгүү уят деп эсептебей турган болот. Аял буга чыдаш керек деп эсептейт. Анткени, кезинде өзүнүн энеси да чыдаган.
Өзүнө ишенбестик. Кээде эркек аялынын күчтүү экенин, ал эми өзүнүн алсыз экенин мойнуна алып, аялынын даражасына жетүүгө аракет кылат. Бирок, айрым алсыз, өзүнө ишенбеген эркектер аялын артка тартып, өзүнүн деңгээлине түшүрүүнү ойлойт. Сөгүп, кемсинтүү ушул учурда башталат.
Башка аял менен салыштыруу. Эркектер жубайын көбүнчө апасына салыштырышат. Энеси сыяктуу аялдын образына өз аялы дал келбесе, жаман сөздөрдү айтууга жол берет. Эң жаманы мурунку сүйгөнүнө, кошунасынын, досунун аялына салыштырганы.
Кыйынчылыктардан чарчоо. Иште болобу, жеке жашоодо болобу, адам өмүрүндө кыйын күндөргө туш болот. Ошондой күндөрү терс эмоциясын үй-бүлөсүнөн, аялынан чыгарган эркектер бар.
Сезимдин өчүшү. Махабатка мас болуп турмуш курушса да, убакыт өтүп сезимдер сууп калышы мүмкүн. Алоолонгон от чокко, анан күлгө айланган сыяктуу. Мына ушундай учурларда да үй-бүлөдө бири-бирине жаман сөздөр айтылып, аялы сүйлөнүп, күйөөсүнүн сөгүп баштайт.
Аял тилинен табат. Моюнга алыш керек, ушундай абал да болуп турат. Аялдын оозунан чыккан жаман сөз күйөөсүнүн андан ашыра ашатып сөгүүсү менен же кол көтөрүүсү менен аяктайт.
Нараазылыгын башкача айта албайт. Баланы тарбияланып жатканда өз оюн, каршы пикирин акырын, адекваттуу сөздөр менен айтса болот деп үйрөтүлгөн эмес. Ушинтип чоңойгон эркектер өз оюна кыйкырып-өкүрүп, үйдөгүлөрдүн баарын сөгүп, кагып-силкип гана жетүүгө болот деп эсептешет.