Махмудов Акжол Махамаджанович — өмүр баяны

2 августа 2021 Махмудов Акжол Махамаджанович — өмүр баяны

Махмудов Акжол Махамаджанович 1999-жылы 15-апрелде Ош облусунун Араван районунда туулган.

Билими:

Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын адвокатура жана юстиция факультетин аяктаган.

Атасы Махамаджан Махмудов 1971-жылы туулган. Акжол — беш бир туугандын үчүнчүсү.

Жетишкендиктери:

2015 — Индияда өткөн кадеттер арасындагы Азия чемпионатында алтын медаль;

2016 — Тайбэйде өткөн кадеттер арасындагы Азия чемпионатында алтын медаль;

2016 — Грузияда өткөн кадеттер арасындагы дүйнө биринчилигинде алтын медаль;

2016 — Москвада өткөн Борис Гуревич атындагы кадеттер арасындагы турнирде алтын медаль;

2017 — Тайбэйде өткөн жаштар арасындагы Азия чемпионатында алтын медаль;

2017 — Финляндияда өткөн дүйнө биринчилигинде күмүш медаль;

2017 — Түркиянын Стамбул шаарында өткөн эл аралык турнирде алтын медаль;

2018 — Бишкекте өткөн Азия чемпионатынын чемпиону;

2018-жыл, июль — Түркияда өткөн эл аралык мелдеште алтын медаль;

2018, август — Индонезиядагы Азия оюндарында күмүш медаль;

2018, сентябрь — Словакиядагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль.

Грек-рим күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери. Машыктыруучусу — КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов.

sputnik