Соцтармакка тараган "Ташиевдин тизмеси". УКМК төрагасы үн катты

2 августа 2021 Соцтармакка тараган "Ташиевдин тизмеси". УКМК төрагасы үн катты

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев түрдүү кылмыштарга шектелип кармалган саясатчылардан жеке кызыкчылыгы үчүн акча албаганын айтты.

Эске салсак, буга чейин соцтармакка саясатчылардын аты-жөнү жана акчанын суммасы жазылган тизме жарыяланган. Посттун автору аны "Ташиевдин сол чөнтөк үчүн кустуризациясы" деп атап, саясатчылар которгон акчанын баары мамлекетке түшпөгөнүн кыйыткан.

Бул боюнча Ташиев аны жана президентти түрдүү жалган жалаа менен каралап күнөөгө батып жүргөндөр бар экенин билдирди.

"Менин балдарым менен инилерим жөнүндө толгон-токой болбогон нерселерди жазышып, элди ишендиребиз деген арам ойлору менен жүрүшөт. Эми минтип мени кимдир бирөөдөн акча алган деген тизме чыгарышты. Эч кимден эч кандай акча албайм. Биздин атыбызды жамынып акча талап кылган бир нече кылмыштуу топту колго түшүрдүк. Алар мыйзамдуу жазасын алышат. Эгер бир эле адамдан акча алсам, анын тууган-уругу, жакындары билмек жана айтып чыгышмак. Биздин бардык күч-аракетибиз мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жумшалат", - деди УКМКнын төрагасы.

Ташиев Кыргызстан гүлдөгөн мамлекеттердин катарында болорун кошумчалаган.


sputnik