Автоунаалар калкып... Балыкчы менен Тоңдо сел жүрүп, жолдор бузулду. Видео

30 июля 2021 Автоунаалар калкып... Балыкчы менен Тоңдо сел жүрүп, жолдор бузулду. Видео

Ысык-Көлдүн Балыкчы жана Тоң райондорунда сел жүрүп, жолдор бузулганын ӨКМ билдирди.

Бүгүн, 30-июль күнү, таңкы саат 04:30 чамасында Балыкчы шаары менен Тоң районунун Кескен-Бел ашуусунда, Кара-Талаа жана Оттук айылдарында нөшөрдөн кийин сел жүргөн.

ВИДЕО

"Суу турак үйлөрдү каптап, ички чарбалык жолдор менен арыктар кум-шагылдарга толгон. Ысык-Көлдүн түштүк жагындагы трассанын 35-чакырымында жолдун айрым жерлери селден зыян тарткан. Ал эми Көлдүн түндүк жагынан кеткен жол ачык", — деп айтылат маалыматта.

Абалды жеринен көзөмөлдөө үчүн ӨКМ министри Бообек Ажикеев менен министрликтин Ысык-Көл облусундагы башкармалыгынын башчысы Замирбек Жумагазиев чыгып кеткен.

ВИДЕО

Учурда Балыкчыдан барган 15 куткаруучу эки атайын техника менен тазалоо иштерин жүргүзүп жатат.

Жабыркагандар катталган эмес.

sputnik