30 июля 2021
Бишкек шаарындагы ресторандардын биринде Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов депутаттарга чай берип жатат.
ЖКнын VI чакырылышынын быйылкы сессиясынын жыйынтыкталганына байланыштуу спикердин сый тамак уюштурганы маалым болду.
Кабарчы жиберген кадрдан ресторандын алдына жолтандабастар толуп, депутаттар ичине кирип жатканын көрүүгө болот.
Белгилей кетсек, эл өкүлдөрү бүгүн кезексиз жыйындарын жыйынтыктап, каникулга тараган.
Мындан эки күн мурда депутаттарды президент Садыр Жапаров да сый тамакка чакырган эле.