Анталья токоюндагы ири өрт шаарга өттү, жапа чеккендер бар. Видео

29 июля 2021 Анталья токоюндагы ири өрт шаарга өттү, жапа чеккендер бар. Видео

TRT Haber телеканалы маалымдагандай, табигый кырсык 40 градустук ысыкта Манавгат шаарына жакын төрт жерде башталган. Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, жалын шамалдан улам тездик менен алоолоп, эл жашаган аймакка өтүп кеткен.

instagram.фото

Беш калктуу пунктунун адамдары эвакуацияланган, 50дөн ашык киши жабыркаган. Өрт көптөгөн үйлөрдү жана отелдерди, транспорт каражаттарын, айыл чарба ишканаларын жана ондогон гектар токойду күлгө айланткан.

instagram.Фото

Жалынды өчүрүүгө самолет жана пилотсуз учактар тартылган. Мындан сырткары, 19 тик учак жана 960 өрт өчүрүүчү унаалар иштеген.

twitter.видео

​Антальянын мэри Мухиттин Беджек мындай өрттү биринчи жолу көрүп жатканын белгиледи.

Бийлик табигый кырсык туристтик жайлардан алыс жерде болгонун, ошондуктан Антальяда эс алып жаткандарга эч кандай коркунуч жоктугун белгиледи.

sputnik