Эч кимден коркпойм! Сулайманов менен Токтомамбетовдун жаакташкан видеосу

29 июля 2021 Эч кимден коркпойм! Сулайманов менен Токтомамбетовдун жаакташкан видеосу

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов кесиптеши Аманкул Токтомамбетов менен жаакташа кетти.

Шайлоо мыйзамы каралып жатканда Токтомамбетовдун "парламентке ар бир төртүнчү депутат аял болсун" деген квота киргизүү боюнча сунушу өзүнчө добушка коюлуп, колдоо тапкан. Бирок Сулайманов ал сунушун артка чакыртып алууну суранды, бирок депутат буга макул болгон жок. 

Видео

Сулайманов ар бир үчүнчү депутат аял болсун деген демилгени өткөрүүгө аракет кылды. Мындан улам Токтомамбетовдон микрофонго чыгып сунушунан баш тартууну талап кылды.

"Мен өмүрүмдө бирөөдөн корккон эмесмин. Сен мага келип кечирим сура, анан баш тартам", — деп шарт койду Токтомамбетов.

Экөөнү бир топ депутаттар арачалап, кийин өздөрүнчө сүйлөшүп аларын айтып жатышты.

Андан соң Токтомамбетовду микрофондун жанына чейин жетелеп алып барышты. Сулайманов колунан тартып жатканда, ары жактан вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев "тийбе" деп кыйкырып келди.

Натыйжада Токтомамбетов сунушун артка чакырткан жок, ар бир төртүнчү депутат аял болсун деген квота колдоо тапты.

sputnik