Кичи ажылыкка барууну каалагандар эмделген болушу шарт же ПЦР-тесттин терс жыйынтыгын көргөзүшү керек. Өлкөгө киргенден кийин да карантинден өтөрү айтылды.
Сауд Аравиясынын бийлиги коронавируска каршы вакцина алган чет өлкөлүктөргө кичи ажылык жасоо үчүн өлкөгө кирүүгө уруксат берди. Бул тууралуу Gulf News жазды.
Ага ылайык, аталган мамлекет зыяратчыларды 10-августтан баштап кабыл ала баштайт. Кичи ажылыкка барууну каалагандар Сауд Аравия жактырган Pfizer, Moderna, Johnson&Johnson, AstraZeneca вакциналары менен эмделген болушу шарт же ПЦР-тесттин терс жыйынтыгын көргөзүшү зарыл.
Өлкөгө киргенден кийин зыяратчылар карантинден өтүп, андан кийин кайрадан анализ тапшырууга тийиш экени кошумчаланды.
Эске салсак, быйыл ажылык 17-22-июлга чейин өткөн. Ага былтыркыдай эле Сауд Аравиянын коронавируска каршы вакцина алган 18 жаштан 65 жашка чейинки 60 миңдей тургуну катышкан. Чет өлкөлүктөр үчүн эшик жабык болгон.