Садыр Жапаровдун облустардагы өкүлдөрү дайындалды. Тизме

22 июля 2021 Садыр Жапаровдун облустардагы өкүлдөрү дайындалды. Тизме

Өлкө башчы Садыр Жапаров өзүнүн аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн дайындады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, облустарга дайындалган өкүлдөрдүн тизмеси:

  • Абдикарим Алимбаев — президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
  • Сабыркул Ашимбаев — президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
  • Зиядин Жамалдинов — президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
  • Мирбек Кожоев — президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
  • Бакытбек Нарбеков — президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
  • Абсаттар Сыргабаев — президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
  • Эркин Тентишев — президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.

Эске салсак, буга чейин өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү институту президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн институту болуп кайра түзүлгөн. 


sputnik