Фигураны бузуп көрсөткөн купальниктин 6 элементи. Кыздарга кеңеш

15 июля 2021 Фигураны бузуп көрсөткөн купальниктин 6 элементи. Кыздарга кеңеш

Горизонталдык лифтер

Бул типтеги лифтер дененин жогорку бөлүгүн чоңойтуп көрсөтөт. Өзгөчө кең далылуу айымдардын фигурасын бузуп коёт. Мындан тышкары, бандо моделдер көкүрөктү жалпак кылып, өз ордунан кыйла төмөн көрсөтөт.

Курсак тушу оюлган купальниктер

Баары оюктардын формасынан жана жайгашкан жеринен көз каранды. Көпчүлүк учурларда, алар белди жоонойтуп, пропорцияны бузуп көрсөтөт.

Шорта сыяктуу трусалар

Купальниктин төмөнкү бөлүгү шорта сыяктуу болсо, буттарды кыскартып, жанбашты жалпак кылып, ушул зонадагы ашыкча көлөмдү баса көрсөтүп турат. Дененин төмөнкү бөлүгүнө көңүл бурдургуң келсе, капталы бийик оюлган, санды көрсөтүп турган моделди танда. Мындай трусалар бутту узартып көрсөтөт.

Декор

Бүйүрмөсү, парпырагы, жылтырактары, саймалары бар купальниктер фигураны чоңойтуп, пропорцияны бузуп, олдоксон көрсөтөт.

Принт

Купальниктин сүрөттөрү кээде ашыкча быжыгыр болуп, фигураны чоңойтуп көрсөтүп турат.

Стрэп жана боолор

Трусылардын капталындагы эндүү боолор санды жоонойтуп көрсөтөт, ал эми стрэптер жана алардын айкалышуусу терини кыйып, пропорцияны бузат. Мындай элементтер менен өтө кылдат болуш керек.