Москвада мушташкан мигранттардын алтоо камакка алынды

14 июля 2021 Москвада мушташкан мигранттардын алтоо камакка алынды

Сот Москва шаарындагы "Кузьминки" метросунун станциясынын жанынан мушташа кеткен мигранттардын ичинен алты адамды 15 суткага камады. Бул тууралуу РИА Новостиге соттун маалымат катчысы Кристина Каленова билдирген.

"Сот камалган алты адамды административдик тартип бузууда күнөөлүү деп таап, алардын ар бирин 15 суткага камоо чечимин кабыл алды", — деди ал.

Буга чейин Россиянын Ички иштер министрлиги "Кузьминки" метросунун станциясынын жанынан мушташкан 102 кишини колго түшүргөнүн кабарлаган. Алар Борбор Азиядан барган адамдар экени айтылган. Министрликтин маалыматына караганда, мушташка катышкандар өлкөдөн чыгарылат.

Ал эми соттун маалымат катчысы сотто бул маселе чечилбегенин айткан. Жоопко тартылгандардын жарандыгы тууралуу да азырынча эч кандай маалымат жок.

Буга чейин Россиянын мигранттар федерациясынын президенти Вадим Коженов мушташкандардын кылмыш мөөнөтү аныкталса жазасын өтөй турганын айтып, кийин депортациялана турганын белгилеген.

Эске салсак, мушташкандардын арасында кыргыз жарандары дагы бар. Буга чейин Кыргызстандын Россиядагы элчилиги массалык чыр-чатакта жаракат алган төрт кыргызстандык киши боюнча маалымат тараткан.


sputnik