Бош орун аз. Бишкекте коронавирус жугузгандар кайда кайрылат

30 июня 2021 Бош орун аз. Бишкекте коронавирус жугузгандар кайда кайрылат

Бишкектин ооруканаларында коронавирус менен ооруган бейтаптар үчүн аз эле орун калды.

Мындай бүтүмгө Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин саат 11:30га карата берген маалыматына таянып келүүгө болот.

Орун калбай калган ооруканалардын тизмеси:

  • Улуттук хирургия борбору;
  • Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана;
  • № 1, 6 шаардык ооруканалар;
  • Чүй облустук бириктирилген оорукана;
  • Улуттук госпиталдын Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн бөлүмү, урологиялык бөлүмү, мобилдик госпиталь;
  • Улуттук фтизиатрия борбору;
  • Аскер госпиталы;
  • Республикалык дерматовенерология борбору.

Төмөнкү ооруканаларда орундар бар:

  • Курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институту (Воронцовка айылы) — 151;
  • № 2 төрөт үйү — 31;
  • Республикалык наркология борбору — 5;
  • Улуттук онкология жана гематология борбору — 3;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 1.

Министрликтен билдиргендей, кардиология жана терапия, гематология жана онкология, хирургиялык борбор, № 2 төрөт үйү коронавирус менен ооруп калган өз профилиндеги бейтаптарды гана кабыл алат. Калган ооруканалар илдет жуктургандардын бардыгын кабыл алып, дарылайт.


sputnik