Бир суткада 2000ге жакын адамдан коронавирус табылып, 8 бейтап каза тапты

30 июня 2021 Бир суткада 2000ге жакын адамдан коронавирус табылып, 8 бейтап каза тапты

Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирус 1 965 адамдан табылып, 571 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 1 490;
  • Ош – 45;
  • Чүй облусу – 111;
  • Ош облусу – 94;
  • Талас облусу – 8;
  • Нарын облусу – 16;
  • Ысык-Көл облусу – 35;
  • Жалал-Абад облусу – 93;
  • Баткен облусу – 73.

Ушуну менен өлкөдө оору жуктургандардын жалпы саны 125 003кө жетти. Анын ичинен 110 082 бейтап дартты жеңген.

Айыккандар:

  • Бишкек – 256;
  • Ош – 74;
  • Чүй облусу – 68;
  • Ош облусу – 63;
  • Талас облусу – 8;
  • Нарын облусу – 5;
  • Ысык-Көл облусу – 7;
  • Жалал-Абад облусу – 56;
  • Баткен облусу – 34.

Коронавирус бир сутка ичинде сегиз адамдын өмүрүн алган.

Каза болгондор:

  • Бишкек — 2;
  • Ош — 1;
  • Баткен — 3;
  • Ысык-Көл — 2.

Муну менен жалпысынан 2 000 киши коронавирустун курмандыгы болду. Кечээтен бери 39 медиктен коронавирус чыкканы аныкталган. Учурда стационарларда 3 389 бейтап коронавирустан дарыланып жатат. Анын ичинен 962 адамдын абалы оор болсо, 158 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды.


sputnik