ЖМК: талибдер Тажикстан менен чектешкен аймакты басып алды

23 июня 2021 ЖМК: талибдер Тажикстан менен чектешкен аймакты басып алды

"Талибан"* согушкерлеринин кыймылы Афганистандын түндүгүндөгү маанилүү аймактардын катарына кирген Кундуз провинциясын көзөмөлдөп, анын борборун курчоого алды. Бул тууралуу Аль-Жазира телеканалы жергиликтүү бийлик органдарына шилтеме берип кабарлады.

ЖМКнын маалыматына караганда, бул провинция үчүн согуштук аракеттер жекшемби күнү башталып, дүйшөмбүдө талибдер райборборду басып алышкан. Кийинчерээк алар Кундуз провинциясындагы Афганистан менен Тажикстандын ортосундагы башкы чек ара өткөрмөсүн ээлеп алышкан.

"Тилекке каршы, бүгүн эртең менен талибдер Шир-Хан портун, шаарды жана Тажикстан менен чектешкен жердеги бардык постторду басып алышты", — деди провинция кеңешинин мүчөсү Халиддин Хакми.

Бул маалыматты талибдердин өкүлү Забиулла Муджахид дагы тастыктады. Анын айтымына караганда, учурда талибдер Шерхан-Бандар менен Кундуздагы чек ара өткөрмөлөрдүн бардыгын көзөмөлдөп жатат.

Ал эми Тажикстандын УКМКсынын Чек ара кызматы 22-июнь күнү Афганистан Ислам Республикасынын 134 жоокери куралдуу кагылышка туруштук бере албай "Пяндж" чек ара отрядынын төртүнчү заставасы аркылуу Тажикстандын аймагына киргенин кабарлады. Тажик чек арачылары афган жоокерлерин тоскоолдуксуз өткөргөн.

"Тажикстан менен Афганистандын чек ара линиясындагы абал чыңалып турат. Акыркы 10 күн аралыгында Афганистандын Тажикстан менен чектешкен жерлеринде өкмөттүк жана "Талибан" кыймылынын күчтөрү кагылышты", — дешти Тажикстандын УКМКсынан.

Акыркы маалыматтар боюнча, афган жоокерлеринин төртөө жарадар болуп, бирөө каза тапкан. Ал эми Шерхан-Бандарда талибдер тарабынан өлтүрүлүп жана туткунга алынгандардын саны жүздөп саналат.

* Кыргызстанда, Россияда жана башка бир катар мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик уюм


sputnik