Россия бензинди экспорттоого убактылуу тыюу салуу маселесин карайт

23 июня 2021 Россия бензинди экспорттоого убактылуу тыюу салуу маселесин карайт

Россиянын Экономика министрлиги 2021-жылдын III кварталында бензинди сыртка сатууга тыюу салуу маселесинин канчалык деңгээлде жөндүү экендигин карайт. Бул туурасында РФ өкмөтүнүн сайтында айтылган.

Өкмөттүн төрагасынын орун басары Александр Новак мунай компаниялардын өкүлдөрү менен жыйын өткөрүп, алар менен биргеликте өлкөнүн ичиндеги мунай заттары боюнча абалды талкуулаган.

Министрликтин мунай компаниялар менен аймактык индикативдик маанидеги болушунча жеткиликтүү болгон дүң бааларды коюу боюнча макулдашуу зарылдыгын карап чыгуусу белгиленген. Документте бул чекене рыноктогу зарыл болгон маргиналдуулукту жана анын чен-өлчөмдөрүн иштеп чыгууга жардамчы болору айтылган.

Новак башкы максат жалпы инфляциянын алкагында мунай заттарына болгон чекене баанын динамикасын сактап калуу экендигин белгилегени айтылды.

"Бул үчүн мыйзамга бир канча өзгөртүүлөр киргизилген. Компаниялардын сунушу менен күйүүчү майга болгон демпфер ылайыкталат", — деген вице-премьер.

Анын айтымына караганда, азыркы кырдаал дүйнөлүк рыноктун конъюнктурасынын таасиринде турат.

"Бул ички рынокту жүдөтөт. Бирок май куюучу бекеттердеги баа инфляциядан улам өзгөрүп, компаниялар өз милденттенмелерин аткарып жатат. Ошол эле учурда кырдаал толугу менен турукташкан жок", — деген Новак.

Өкмөттүн сайтында дүң рыноктогу бааларды турукташтыруу боюнча чараларды иштеп чыгуу зарылдыгы айтылып, бир катар тапшырмалар берилген.

Эске сала кетсек, Кыргызстан негизинен мунай заттарын Россиядан дүң баада алып келет.


sputnik