Сот Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду камакта калтырды. Видео

23 июня 2021 Сот Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду камакта калтырды. Видео

Бишкек шаардык соту ЖК депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырды. Бул тууралуу аталган соттон кабарлашты.

ВИДЕО

Эскерте кетсек, Жээнбеков менен Зулпукаров Кумтөр иши боюнча Жазык кодексинин 319-беренесинин ("Коррупция") негизинде шектелип, 31-июлга чейин камакка алынган болчу. Депутаттардын жактоочулары баш коргоо чарасын өзгөртүүнү өтүнүп, шаардык сотко кайрылган.

Бүгүн сот имаратынын алдына эл өкүлдөрүнүн 100гө чукул тарапташы чыгып, аларды бошотууну талап кылышкан.

Аталган жерде жүргөн Жээнбеков менен Зулпукаровду тергөө абагына алып кетишкенин, ал эми чогулгандар тарап кеткенин билдирди.


sputnik