Жапаров УКМКнын Коррупцияга каршы кызматын жоймой болду

23 июня 2021 Жапаров УКМКнын Коррупцияга каршы кызматын жоймой болду

10 күндүн ичинде УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы жоюлат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.

Бүгүн, 23-июнда, президент башында турган мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен бизнесмендердин жолугушуусу өтүп жатат.

Мамлекет башчысы улам эле бизнесмендерге карата кылмыш иши козголгону тууралуу маалымат түшүп жатканына нааразы болду. Президент бизнести коргоо максатында Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат жоюлганын эске салды.

Жапаров жакынкы күндөрү УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы да жоюла турганын, бул үчүн тийиштүү жарлык даярдала баштаганын билдирди.

"Мындан ары Башкы прокуратура бизнестин таламын талашкан, укугун коргой турган милдеттерди алат", — деди өлкө башчы.

Коррупцияга каршы кызмат Алмазбек Атамбаев президент болуп турган кезде түзүлгөн. Жээнбеков октябрь окуяларында мекемени жоюп салса, Жапаров анын чечимин жокко чыгарган.


sputnik