Туш келди жерден өтө бербе, 1000 сом айып салынат! Милициянын видеосу

23 июня 2021 Туш келди жерден өтө бербе, 1000 сом айып салынат! Милициянын видеосу

Бишкек шаарынын милициясы автоунаа жүргөн жолдун туура эмес жеринен кесип өткөндөргө 1000 сомдон айып салына тургандыгын эскертти.

Борбор калаанын Ленин райондук ИИБи жолду туура эмес жерден кесип өткөндөргө эскертүү иретинде ролик тарткан. Андан милиционердин эскертүүсү менен айып салганына карабай жөө жүргөн кишини жолдун кооптуу жеринен өтүп баратканда автоунаа сүзүп кеткенин көрүүгө болот.

ВИДЕО

Тартип коргоочулар маршруткада келе жатканда жолдун ортосунан же көчөнүн кесилишинен түшүп кетүү кооптуу экендигин эскертишкен.

ИИБден мындай айыптар жөө жүргөндөргө, велосипедчендерге жана мал айдагандарга салынарын айтышты.


sputnik