Жылан кишини аз жерден муунтуп кое жаздады. Австралияда тартылган видео

2 июня 2021 Жылан кишини аз жерден муунтуп кое жаздады. Австралияда тартылган видео

Австралияда питон кожоюнун тиштеп алганы аз келгенсип, муунтуп кое жаздады. Tag 24 порталы бул окуя Австралиядагы Квинсленд штатындагы Мортон-Бэй аймагында болгондугун жазды.

Жылан кармагыч Жош Касл жергиликтүү тургундун "бакчамда жылан жүрөт" деп кайрылганынан улам келген. Адис бадалдын арасынан жандыкты таап, акырын ийин жагына артып алып, андан соң үйдүн короосуна келген.

Оператор YouTube каналына коюш үчүн жылан кармагычтын ар бир кыймылын видеого тартып турган. Капилеттен эле питон мойнуна ороло баштап, бир аздан кийин анын чыкый жагын тиштеп алган. Окуянын мындай болуп кеткенин көргөн аял коркконунан чаңырып жиберген. Касл шашып кетип жыланды мойнунан ала баштаган. Кадрдан анын чочуп калганын байкоого болот.

Адис өзү менен кошо жыланды алып кетип, кийинчерээк эркиндикке кое берген.


sputnik