Кыргызстанда ВИЧтин курмандыктары 1873кө жетти

31 октября 2018 Кыргызстанда ВИЧтин курмандыктары 1873кө жетти

Кыргызстанда ВИЧтин курмандыктары 1873гө жетти. Республикалык СПИД борбору билдиргендей, бул - өлкөдө ВИЧ жуктурган биринчи адам белгилүү болгон 1996-жылдан ушул мезгилге чейинки аралыктагы көрсөткүч.

Өлкөдө 2018-жылдын октябрь айына карата ВИЧ илдети менен расмий каттоого алынгандардын саны 8600 кишини түздү. Анын ичинде 8137си Кыргызстандын жарандары, арасында 645 бала бар.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, Кыргызстан ВИЧ ылдам өсүп бараткан 25 мамлекеттин катарында.

Ооруну жуктургандардын көбү эркектер.

https://www.azattyk.org/a/29574226.html