Финпол Адамкул Жунусовду Кыргызстанга алып келди. Сүрөт

28 декабря 2018 Финпол Адамкул Жунусовду Кыргызстанга алып келди. Сүрөт

Бажы кызматынын мурунку жетекчиси кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда.

 Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы буга чейин Азербайжанда кармалган Бажы кызматынын мурдагы төрагасыАдамкул Жунусовду Кыргызстанга алып келди. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

Аны бүгүн, 28-декабрь күнү, Финансы полициясынын кызматкерлери Баку шаарынан Бишкекке жеткиришти. 

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 28-августунда Жунусов эл аралык издөөгө алынган. Ал эми 4-декабрда колго түшүрүлгөнү айтылып, экстрадициялоо маселеси карала баштаган.

Бажы кызматынын мурунку жетекчиси кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда.

Финполдун маалыматында Адамкул Жунусов 2013-2016-жылдар аралыгында "А" ЖЧКсынын өкүлдөрү менен туруктуу коррупциялык схема түзүп, мамлекетке 167 миллион сомдон ашуун зыян келтирген.



Дагы: sputnik.kg, фото-© Фото / официальный сайт ЕЭК