28 декабря 2018
Мындан ары Россия Кыргызстанга ташылган нефти продуктулары үчүн бажы төлөмдөрүн албайт.
Россиянын президенти Владимир Путин нефть жана нефть продуктуларын ташуу жаатындагы кызматташтык боюнча орус-кыргыз өкмөттөр аралык келишимди ратификациялоо протоколу жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Бул туурасында РИА Новости билдирди.
Бул документке ылайык, мындан ары Россия Кыргызстандын аймагында пайдалануу үчүн ташылган нефть продуктуларынан бажы төлөмүн албайт. Ошол эле учурда ЕАЭБдин аймагынан сыртка ташылып кетпеши үчүн ар бир өткөн продукция каттоого алынып, РФ бажысынын декларациясына түшүп турат.
Дагы: sputnik.kg, фото-© Sputnik / Михаил Климентьев