Долбоордун негизги максаты — сүт өндүрүү жана кайра иштетүүгө адистешкен аймактардын негизинде сүт кластерин өнүктүрүү.
2019-жылдан баштап сүттүү уйларды багууну көздөгөн фермерлер үчүн "Айыл банк" аркылуу лизинг берүү башталат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Долбоордун негизги максаты — сүт өндүрүү жана кайра иштетүүгө адистешкен аймактардын негизинде сүт кластерин өнүктүрүү. Келе жаткан жылдын январь айынан тарта бериле баштачу насыяларга жалпысынан 200 миллион сом каралган.
Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов асыл тукум малды багуу боюнча эффективдүү жыйынтыктар болушу үчүн фермерлер арасында заманбап ыкмалары тууралуу маалыматтык-түшүндүрүү кампанияларын күчөтүү керектигин айтты.
Ал эми адистер өлкөнүн сүт тармагынын ассортименти жүздөгөн аталыштарды камтып, андан ары толукталып жатканын белгилеп, мындан улам бул багыт азык-түлүк өнөр жайы тармагынын жүзү боло алат деген пикирде.
Дагы: sputnik.kg, фото-© Sputnik / Евгений Биятов