Ажылык-2019: кыргызстандыктарды ташый турчу авиакомпаниялар тандалат

28 декабря 2018 Ажылык-2019: кыргызстандыктарды ташый турчу авиакомпаниялар тандалат

Конкурс 28-декабрдан 28-январга чейин өтөт.

 2019-жылдын ажылык иштери жакындап калганына байланыштуу Кыргызстандын муфтияты зыяратчыларды ажылыкка ташуу үчүн атамекендик жана саударавиялык авиакомпаниялар арасында конкурс жарыялайт.

Ага ылайык, сынак 28-декабрдан 28-январга чейин өтөт.

Конкурска катышууну каалаган авиакомпаниялар коюлган талаптар тууралуу кенен маалыматты муфтияттан ала алышат.

Белгилей кетсек, 2018-жылы кыргызстандык зыяратчыларды Сауд Аравиясынын Flaynas авиакомпаниясы ташыган.


Дагы: sputnik.kg, фото-© Sputnik / Михаил Воскресенский