28 декабря 2018
Айдоочунун рулга ээ боло албай калганы айтылды.
Чүйдүн Аламүдүн районунда Volkswagen Golf унаасы жол боюндагы бакты сүзүп, натыйжада ичиндеги аял киши каза тапканын ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 27-декабрь күнү саат 15.40тарда болгон. Жолоочулар Кайырма айылынан Арчалыга бара жатышкан. Айдоочунун рулга ээ боло албай калганы айтылууда.
Окуя болгон жерге барган куткаруучулар сөөктү унаадан чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Абайлагылачы… Жыл башынан берки жол кырсыктар жүрөктүн үшүн алат.
Дагы: sputnik.kg, фото-© AP Photo / Lim Huey Teng