Бишкекте "Коопсуз шаардын" биринчи камералары орнотулду

28 декабря 2018 Бишкекте "Коопсуз шаардын" биринчи камералары орнотулду

Жол эрежесин бузуунун жети түрүн каттаган камералар тесттик режимде иштеп жатат.

Борбор калаадагы Абдрахманов менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишине "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында беш камера орнотулду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Маалыматтык технология жана байланыш агенттигинин жетекчисинин орун басары Эшмамбет Аматов билдирди.

Анын айтымына караганда, тендерди жеңген компания 10 кесилиш менен катуу ылдамдыкта жүрүүчү 17 жолго камера орнотуу аракеттерин көрүп жатат.

"Учурда иш тесттик режимде жүрүп жатат. Камералар эреже бузуунун жети түрүн каттоого алат", — деди Аматов.

Буга чейин камералардын биринчи 10 комплектиси 2019-жылдын 10-февралына чейин орнотулары айтылган. 

Ноябрдын орто ченинде Маалыматтык технология жана байланыш боюнча мамлекеттик комитет Россиянын "Концерн радиостроения "Вега" ААКcы менен "Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи этабын жүзөгө ашыруу боюнча келишим түзгөн. Биринчи жабдуулар 90 күндүн аралыгында ишке кириши керек. Ал эми долбоор толугу менен жарым жылдан кийин иштей баштайт.

"Коопсуз шаар" долбоорун өкмөт төрт жыл мурун демилгелеген. Биринчи тендердин жыйынтыгы жокко чыгарылып, экинчиси жарыяланган. 2015-жылдын январында россиялык "Стилсофт Бишкек" компаниясы жеңүүчү деп табылып, бирок ИИМ анын шарт-талабына макул болбой, компанияны сотко берген. Кийинчерээк долбоорду Кытайдын Huawei компаниясы ишке ашырмай болот, бирок инвестор коюлган талаптарды аткарбагандыктан бул келишим да жокко чыгарылган.



Дагы: sputnik.kg, фото-© Sputnik / Нурис Алымбаев