Бишкекте айрым маршруткалардын айдоочулары жумушка чыккан жок

18 января 2021 Бишкекте айрым маршруткалардын айдоочулары жумушка чыккан жок

Мэриянын алдындагы Шаардык транспорт башкармалыгы бүгүн канча транспорт каттамга чыкпаганын, канчасы иштеп жаткандыгы тууралуу так маалыматы жок экенин билдирди.

Борбор калаада айрым маршруткалардын айдоочулары жумушка чыккан жок. Буга чейин алар бүгүн иш таштай турганын айтышкан.

Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев дагы бүгүн айрым маршруткалар каттамга чыкпай жатканын ырастады.

Мэриянын алдындагы Шаардык транспорт башкармалыгы бүгүн канча транспорт каттамга чыкпаганын, канчасы иштеп жаткандыгы тууралуу так маалыматы жок экенин билдирди.

"Бишкек сегодня" Telegram-каналында шаардыктар маршрутка күндөгүдөн азыраак каттап жатканын билдирүүдө. Бир саат мурда каттамга чыккан маршруткалар көбүрөөк болчу, уламдан-улам азайып баратат. Шаардыктар айдоочулар бири-бирин көзөмөлдөп иштетпей жатышы мүмкүн деген пикирди да айтышууда.

Белгилей кетсек, маршруткалардын айдоочулары бүгүн, 18-январда, жол кирени 15 сом кылуу талабы менен иш таштай турганы айтылган.

sputnik