Тарифти көтөрөбүз, бирок азыр эмес. Балбак Түлөбаев маршруткачыларга кайрылды

18 января 2021 Тарифти көтөрөбүз, бирок азыр эмес. Балбак Түлөбаев маршруткачыларга кайрылды

Маршруткалардын айдоочулары бүгүн, 18-январда, жол кирени 5 сомго көтөрүү талабы менен иш таштай турганы айтылган.

Бүгүн каттамга чыкпай койгон маршруткалардын лицензиясы алынып, башкага берилет. Бул тууралуу Бишкек шаарынын милдетин аткарып жаткан Балбак Түлөбаев билдирди.

Ал эртең менен Facebook баракчасы аркылуу иш таштоого камынып жаткан маршруткачыларга кайрылган.

"Жети жылдан бери тарифти көтөрбөй келгенбиз. Сиздердин акыбалды түшүнүү менен кабыл алып жатабыз, сиздер да элди түшүнүңүздөр. Жол кирени азыр эле заматта көтөрүп бергиле дегениңер туура эмес. Өзүнүн процедурасы бар, алгач Экономика министрлигине жөнөтүп анализ чыгартышыбыз керек. Ал  үчүн бери дегенде эки айдай убакыт кетет. Андан соң Шаардык кеңештин кароосуна киргизебиз", — деди Түлөбаев.

Видео

Ошондой эле ал маселе май айына барып чечилип калышы мүмкүн экенин белгиледи.

"Биз тарифти элдин акыбалына жараша, сиздер менен сүйлөшүп көтөрүп бергенге даярбыз. Ошондуктан каттамга чыгыңыздар. Бүгүн түшкө чейин анализ кылабыз. Ким чыкпай койсо анын лицензиясын алып, башкага бергенге аргасыз болобуз. Себеби мен элди ташышым керек. Ошондуктан урушпайлы, талашпайлы", — деп кайрылды калаа башчысынын милдетин аткаруучу.

"Бишкек сегодня" Telegram-каналында шаардыктар маршрутка күндөгүдөн азыраак каттап жатканын билдирүүдө. Бир саат мурда каттамга чыккан маршруткалар көбүрөөк болчу, уламдан-улам азайып баратат. Шаардыктар айдоочулар бири-бирин көзөмөлдөп иштетпей жатышы мүмкүн деген пикирди да айтышууда.

Белгилей кетсек, маршруткалардын айдоочулардын бүгүн, 18-январда жол кирени 5 сомго көтөрүү талабы менен иш таштай турганы айтылган.

Түлөбаев дагы бүгүн айрым маршруткалар каттамга чыкпай жатканын ырастады.

sputnik