Окумуштуу өлүмгө кептей турган грибоктун коркунучу тууралуу айтып берди

18 января 2021 Окумуштуу өлүмгө кептей турган грибоктун коркунучу тууралуу айтып берди

Дүйнө жүзүндөгү медиктер коронавирусту дарылаган стационарлардан чыккан коркунучтуу инфекция тууралуу эскертип жатканы айтылды.

Коронавирус пандемиясы маалында бактериялар антибиотиктерди тоготпой калуудан тышкары стационарда жаткан бейтаптар массалык түрдө Candida auris грибогун жуктуруп алышы ыктымал. Бул тууралуу "Известия" басылмасы окумуштуулардын изилдөөлөрүнө таянып кабарлады.

Ага ылайык, Candida auris грибогу оорукана ичинде тез тарап, көп учурда жандандыруу бөлүмдөрүндө жаткандарды өлүмгө кептеп жатат. Дүйнө жүзүндөгү медиктер азыртадан коронавирусту дарылаган стационарлардан чыккан коркунучтуу инфекция тууралуу эскертип жатканы айтылды.

Илимпоздор белгилегендей, Candida auris грибогу чындыгында өтө кооптуу. Себеби бул инфекцияны дарыламак тургай, аны табуу кыйын. Ири лабораторияларда гана аныктоо мүмкүн экенин Мечников аттуу адис белгилеген.

Басылмада жазылгандай, аталган грибокту жуктуруп алуу тобокелчилиги дем алуу түтүкчөсүн жана ар түрдүү катетер койдургандарда жогору болот.

sputnik