Кыштын акыркы айында катуу суук болобу? Февралга карата аба ырайы

15 января 2021 Кыштын акыркы айында катуу суук болобу? Февралга карата аба ырайы

Синоптиктердин айтымына караганда, кийинки айда күн катуу сууктабайт, кээ бир күндөрү абанын температурасы 15 градуска чейин жылыйт.

Кыргызгидромет агенттиги февраль айына карата аба ырайынын божомолу туурасында маалымат берди.

Чүй облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -1…-3 градус суук, Чүй өрөөнүнүн түндүгүндө, тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө -4…-6 градус болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5тен -7…-12 градуска чейин суук болуп өзгөрүлүп турат, түндүгүндө кээ бир түндөрү -12…-17 градуска дейре төмөндөшү мүмкүн, күндүз 0…5 — 8…13 градуска жетет. Кээ бир күндөрү -2…-7 градус суук болушу мүмкүн.

Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн -2…-7ден -10…-15 градуска чейин суук, күндүз -3…+2 — 3…8 болуп өзгөрүлүп турат.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.

Талас облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде туруп -2…-4° суук болот.

Ай ичинде аба ырайы түнкүсүн -1…-6 — -9…-14 градус суук, күндүз -1…+4 — 7…12 градус жылуу болуп өзгөрүп турат.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болору айтылды.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5 градуска ашып, 0…2 жылуу, тоо этектериндеги райондордо 0…-2° суук болот.

Февралдын аралыгында абанын температурасы түнкүсүн -1…-6 — 0…5, күндүз 1…6° — 9…14 градуска чейин жылыйт.

Тоо этектеринде түнкүсүн 0…-5 — -7…-12, күндүз -2…+3 — 7…12 градус жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.

Ысык-Көл облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде сакталып, -1…-3, чыгышында -4…-6 градус суук болушу күтүлөт.

Кыштын акыркы айында абанын температурасы түнкүсүн -3…-8 градустун тегерегинде, чыгышында кээ бир түндөрү -10…-15 градуска чейин сууктайт. Күндүз -3…+2 — 3…8 градус жылуулукка чейин өзгөрүлүп турат.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.

Нарын облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп -10…-12, Кочкор районунда -5…-7 градус суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -5…-10 — -14…-19, кээ бир түндөрү -20…-25 градуска чейин суук болот. Ат-Башы районунда -24…-29 градуска чейин сууктайт. Күндүзү 0…-5 — -6…-11 градуска чейин өзгөрүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.

sputnik