Контрчабуулду куулук менен токтоткон швециялык футболчу жазаланды. Видео

13 января 2021 Контрчабуулду куулук менен токтоткон швециялык футболчу жазаланды. Видео

Талаа ээлери эки гол киргизип биринчи бөлүктө алдыга чыккан. Коноктор тыныгуудан кийин эсепти теңеп, беттеш 2:2 болуп жыйынтыкталган.

Оюнга экинчи топту кошуп жиберген Эльфсборгдун футболчусу Себастьян Ларсен сары айып кагазы менен жазаланды. Окуянын видеосун eurosport маалымат булагы жарыялады.

видео

​Кызыктуу окуя Швециянын Жогорку лигасынын чемпионатынын 30-турунун алкагында Эльсфборг жана АИК командаларынын беттешинде катталган. Кошумча берилген убакытта (93-мүнөт) эсеп 2:2 болуп турганда Эльфсборг бурчтан тебүү укугун алган. Команданын дарбазачысы да жардамга келет. Чыгарып берүү ийгиликсиз болуп, АИК ыкчам контрчабуулга өтөт.

Бул учурда Эльфсборгдун футболчусу Себастьян Ларсен экинчи топту оюнга кошуп жиберген. Натыйжада бош калган дарбазага жасалган ыкчам контрчабуул үзгүлтүккө учураган.

Эрежеден тыш айлакерлиги үчүн футболчуга беттештин калысы сары айып кагазын бергени айтылды.

Эльфсборг 16 жана 22-мүнөттө эки гол киргизип, биринчи бөлүктө алдыга чыккан. Коноктор 59 жана 70-мүнөттөрдө эсепти теңеп, беттеш 2:2 эсеби менен жыйынтыкталган.

sputnik